Abank_june
SerepTV Logo

Ошто суунун деңгээлинин ылайкаланышы азайды

Ошто суунун деңгээлинин ылайкаланышы азайды
Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев тиешелүү мекеме-жетекчилери менен биргеликте шаардагы суу кампаларына, башкы сел агымы келген Зымырык-Сай, Кызыл-Кыштак аймактарына барды.

Аталган аймактарда буга чейин сел катуу келгендиктен Ак-Буура суусу булганып, калаанын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган. Учурда тиешелүү адистер атайын мониторинг жүргүзүп, таза суу берүү аракетинде.

Маалымат үчүн: Кызыл-Кыштак жылгасынан түшкөн сел суусунун алдын алуу үчүн, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан долбоор иштелип чыгып, суу түтүктөрү тартылууда. Азыркы тапта долбоор, акыркы этапта. Ал эми шаарда 26 скважина, 34 суу кампасы бар. Суу токтотулган аймактарга водовоз аркылуу суу жеткирилип жатат. Суу жеткирүү боюнча төмөнкү телефон номерлерге кайрылыңыз:
+996 705 057 307
+996 550 662 240