Abank_june
SerepTV Logo

Ош шаары 3 күн бою таза суусу жок калганы үчүн ишкана жетекчиси кызматтан алынды

Ош шаары 3 күн бою таза суусу жок калганы үчүн ишкана жетекчиси кызматтан алынды
Ош шаарында акыркы күндөрү жаралган таза суу көйгөйүнө байланыштуу “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Байкишиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен шаардын батыш бөлүгүнө таза суу берүү убактылуу токтотулуп, айрым аймактардын тургундары үч күн боюу таза суусуз калышкан. 

2025-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген 4 суу кампасы бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай тургандыгы аныкталды. Бул суу кампалар аркылуу шаардын бир бөлүгүнө суу берүүгө мүмкүн болгон. Бирок ишкана бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбай, элди суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан.