Ош көчөсүндө реконструкциянын алкагында бузуу иштери башталды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Ош көчөсүн реконструкциялоо долбоорунун алкагында жолду кеңейтүүгө тоскоолдук жараткан курулуштарды бузуу иштери башталды.
Буга чейин шаар мэри аталган көчөгө жеринде барып, түшүндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышкан. Ал өз ыктыяры менен курулуштарын бузууга макулдук берген жарандарга ыраазычылык билдирип, бул иштер шаардагы жол тыгындарын азайтуу жана унаа кыймылын жөнгө салуу үчүн маанилүү экенин белгилеген. Курулуштары бузулган жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте Ош шаарынын мэриясы тарабынан кенемте төлөнүп берилет. Аталган жол реконструкциядан кийин төрт тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңеет.