Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу ачык, Кызыл-Булак - Тамаша жолунда селдин кесепеттери жоюлуп жатат
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 120-121-чакырым аралыгында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен жолго түшкөн таштар жана сел калдыктары өз убагында тазаланды. Каттам эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Ал эми Кызыл-Булак - Тамаша автожолунун 0-чакырымында 200 метр аралыктагы жолду сел алып кеткен. Учурда жеринде министрликтин №46 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам жүргүзүүдө. Альтернативдик жол бар, каттам камсыздалган.