Abank july
SerepTV Logo

Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды

Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды
 
Буга чейин социалдык тармактарда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны жашы жете элек баласын ооруканага жаткырып, кийин энеси полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, өлкөдөн чыгарылгандыгы жана анын өспүрүм баласы кароосуз калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Аталган маалыматтын негизинде Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбору (ЖУАБ) тарабынан тиешелүү тактоо иштери жүргүзүлгөн. Тактоо иштеринин жүрүшүндө аталган жашы жете элек бала өзүнүн бир тууган агасы жана эжеси менен бирге 2026-жылдын 3-июлунда Москва шаарындагы балдар реабилитациялык борборуна ата-энесинин камкордугусуз калган балдар катары жайгаштырылганы аныкталган.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынан үч бир тууган Кыргыз Республикасына кайтарылып келинип, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында атасына өткөрүлүп берилди. Ички иштер министрлиги жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы тиешелүү иштерди мындан ары да улантат.