Abank_june
SerepTV Logo

Бүтүрүү кечелериндеги коомдук тартипти сактоого 5 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат

Бүтүрүү кечелериндеги коомдук тартипти сактоого 5 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат
Эртең, 26-июнда Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди - негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүктөрдү жана орто жалпы билим жөнүндө аттестаттарды тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте бүтүрүүчүлөргө документтерди тапшыруу аземдерин коопсуз өткөрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүлүүдө. Коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында республиканын ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Өзгөчө көңүл бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугуна, билим берүү мекемелеринин аймагындагы коомдук тартипти камсыздоого жана жол кырсыктарынын алдын алууга бурулат. Салтанаттуу иш-чаралар өтүүчү жайларда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн 5 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

Милиция кызматкерлери Агартуу министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук тартиптин бузулушуна жол бербөө, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Ички иштер министрлиги бүтүрүү иш-чаралары учурунда пиротехникалык каражаттарды, фейерверктерди, гелий шарларын жана адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жараткан техникалык жабдууларды колдонууга жол берилбей турганын эскертет. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн жаратылышка эс алууга чыгуусуна, автоунаалар менен жүрүштөрдү уюштуруусуна, ошондой эле кафе, ресторандарда жана башка көңүл ачуучу жайларда ата-энелердин жана билим берүү уюмдарынын макулдугусуз майрамдык иш-чараларды өткөрүүсүнө жол берилбейт.

Урматтуу ата-энелер! Расмий иш-чаралар аяктагандан кийин билим берүү мекемелеринин аймагынан тышкары балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт. Балдарыңыздардын жүргөн жерине көзөмөл жүргүзүп, алардын коопсуздук эрежелерин сактоосуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөбүз. Ички иштер министрлиги бардык бүтүрүүчүлөрдү окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечектеги окууларына жана эмгек жолуна ийгиликтерди, ал эми майрамдык күндүн коопсуз жана жагымдуу өтүшүн каалайт.