Abank_june
SerepTV Logo

Облус башчысы Текебаев Ноокен районундагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды

Облус башчысы Текебаев Ноокен районундагы селден жабыркаган аймактарды кыдырды
 
Бүгүн, 14-июлда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунда селден жабыркаган аймактарды жеринен кыдырып, кырдаал менен таанышты.

Облус башчысы сел кирген турак жайларды жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштеринен кабар алды. Ал тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине селдин кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу, калкка ыкчам жардам көрсөтүү жана келтирилген зыянды тактоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кечээ, 13-июль күнү саат 19:30 чамасында Ноокен районунда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен сел жүрүп, 417 турак үйдүн короосун суу каптаган. Анын ичинен 80 турак үйдүн ичине сел суусу кирген. Мындан сырткары, 4 коомдук тамактануучу жай, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай, 1 мечит жана 1 бала бакчанын короосу селден жабыркаган. Селдин кесепеттерди жоюу иштерине райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 350 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 101 куткаруучу тартылып, жалпы 451 адам эмгектенүүдө. Ошондой эле 22 оор инженердик техника менен турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймактарын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.