Royal
SerepTV Logo

Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөөгө 64 адам тартылды

Нарын дарыясына секирип кеткен кызды издөөгө 64 адам тартылды

Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан кызды издөөгө бүгүн, 7-ноябрда 54 адам жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерин координациялоо үчүн ӨКМдин Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу жана издөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМден 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам, жалпы 54 адам тартылды. Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.