Royal
SerepTV Logo

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз изделип жатат

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз изделип жатат

Нарын дарыясына секирип кеткен кыз изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 10 куткаруучу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 32 куткаруучу, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 77 адам тартылган.

"Кечээ, 2-ноябрь күнү Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына жаш кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер, жалпы 87 адам издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта.