Министрлик: "Иликтөө аяктаганга чейин авария үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес"
14-августта саат 15:37де болгон технологиялык бузулуудан кийин Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БАБЭТ) бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөн. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Кыргызстандын энергетиктери энергетикалык тутумдун иштөө режимин турукташтыруу боюнча зарыл болгон ыкчам чараларды көрүп, кыска убакыттын ичинде, саат 15:55те, БАБЭТтеги жыштыкты нормалдуу көрсөткүчкө — 50 Гцке чейин калыбына келтирип, жыштыкты жөнгө салууну камсыз кылышкан. Ошол эле учурда Кыргызстандын энергетикалык тутуму коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт көлөмүндө кубаттуулук берүү менен жардам көрсөткөн. Алматы энергетикалык түйүнүнүн өчүшү БАБЭТтеги жыштык номиналдык көрсөткүчкө жеткенден кийин болгон. Ошол эле учурда технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератордун кыска мөөнөткө өчүрүлгөнү аныкталган. Бул параллелдүү иштеп жаткан Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумундагы баштапкы бузулуу болуп, кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген. Муну менен катар, бул баштапкы бузулууну башка мамлекеттердеги айрым энергетикалык тутумдардын жана түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби менен теңештирүүгө болбойт.
Мындай кырдаалдарда энергетикалык тутумдар тең салмактуулук калыбына келтирилгенге чейин изоляцияланган режимде, анын ичинде төмөндөтүлгөн жыштык шартында да туруктуу иштөөнү камсыз кылат. Ошондуктан Борбордук Азиянын башка мамлекеттериндеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшү боюнча ошол мамлекеттердин энергетикалык тутумдарында андан кийинки этапта жүргөн процесстерге өзүнчө талдоо жүргүзүү зарыл. Биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки бардык кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес. Технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия тарабынан иликтенет.