Abank
SerepTV Logo

Марат Тагаев Түрксой эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды

Марат Тагаев Түрксой эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды
 
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келген Марат Тагаев өз арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынды.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” жобого, ошондой эле ТҮРКСОЙ Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун түзүлүшү жана иштөө принциптери жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык жаңы дайындоо жөнүндө буйрук кабыл алынды. Ага ылайык, Марат Тагаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

ТҮРКСОЙ уюму түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын сактоо, өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлде жайылтуу багытында иш алып барып, Кыргыз Республикасы бул уюмдун алкагында маданий интеграцияны жана кызматташууну активдүү колдоп келет.

Маалымат үчүн: ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.