"Манас" аэропортуна бара турган жаңы альтернативдик жолдун маршруту кандай болот?
Кечээ, 2-июнда президенттин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык мааниге ээ инфраструктуралык объектилер боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев жазды.
Анда “Манас” эл аралык аэропортуна алып баруучу альтернативдүү автомобиль жолунун курулушу боюнча маселе каралды. Болжолдуу жаңы жолдун багыты Махатма Ганди көчөсү аркылуу өтүп, андан ары “Бишкек” эркин экономикалык аймагы аркылуу уланат. Долбоорду ишке ашыруу аэропорттун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, учурдагы унаа тыгынын азайтууга жана борбор калаа агломерациясынын өнүгүшү үчүн кошумча логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, “Экспо Кыргызстан” эл аралык көргөзмө борборун куруу маселеси боюнча жыйын өттү. Кеңешменин алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жана “Кыргыз Экспорт” ААК тарабынан долбоордун концепциясы сунушталды. Жыйында келечектеги объекттин негизги параметрлерин, функционалдык багытын жана жайгаштыруу боюнча мүмкүн болгон варианттары талкууланды. Өзгөчө транспорттук жеткиликтүүлүккө, инженердик инфраструктуранын болушуна, аймактын мындан аркы өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жана объекттин туристтик жагымдуулугуна көңүл бурулду. Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга концепцияны андан ары иштеп чыгуу жана көргөзмө борборунун оптималдуу жайгашуусун аныктоо боюнча тапшырмалар берилди.
Андан соң “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо долбоорунун ишке ашырылышы менен тааныштык. Анда, аэровокзал комплексин кеңейтүү, кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу, аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.