SerepTV Logo

Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосунда этно-шаарчада болду

Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосунда этно-шаарчада болду
 
Бүгүн, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» аттуу этно-шаарчада болушту.

Алгач төрага президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана Бишкек менен Ош шаарлары тарабынан атайын тигилген ак өргөлөрдү көрүп чыкты. Андагы көргөзмө-жарманкелерге жогору баасын берген Марлен Маматалиев кыргыз элинин үрп-адаттарын, улуттук баалуулуктарын жана нукура каада-салттарын меймандарга кеңири таанытып жаткан мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстан ушундай этно-шаарчаны уюштуруу аркылуу дүйнө коомчулугуна өзүнүн уникалдуу маданиятын таанытып жатат. Көчмөн цивилизациясынын бай мурасын, элибиздин каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган бул көрүнүш колдоого татыктуу”, – деди.

Ошону менен катар мындай саамалыктар өлкөбүздүн туристтик потенциалын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган Төрага уюштурулган иш-чаралар эл аралык байланышты бекемдеп, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого да түрткү берерине ишенерин билдирди.

Учурда Кырчын жайлоосунда меймандарга көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган этно-базарлар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү тартууланып, спорттук мелдештер жана театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолууда.
SEREP MEDIA