Майрам жана эс алуу күндөрүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын иштеши
1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалат, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт, ошондой эле зарыл дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын запастарынын жетиштүүлүгү камсыз кылынат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1-майдан 10-майга чейин саат 08:00дөн 18:00гө чейин нөөмөт уюштурулат, процедуралык кабинеттердин иши саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.