Abank_june
SerepTV Logo

Майлуу-Суу шаарындагы селдин кесепеттери жоюлууда

Майлуу-Суу шаарындагы селдин кесепеттери жоюлууда
 
Кечээ, 13-июль күнү кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Майлуу-Суу шаарындагы айрым ички көчөлөрдү сел суулары каптады.

Кырдаал менен жеринен таанышуу үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу окуя болгон жерге барып, тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Учурда Майлуу-Суу шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.