Кытайда суу ташкынынан каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргыз жараны жок
26-августта Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу районунун Шигадзе шаарына караштуу Цзилун уездинде сел жүрүп, табигый кырсык катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Кытай тараптын алдын ала маалыматы боюнча, 27-августта саат 10:30га карата табигый кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 558 адам дайынсыз жоголгон, 2 адам куткарылган. Учурда кырсык болгон аймакта издөө-куткаруу иштери улантылып, каза болгондордун, жабыркагандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны такталууда. Алдын ала алынган маалымат боюнча, каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги кырдаалга туруктуу негизде көз салып, КЭРдин тиешелүү мамлекеттик органдары менен байланышта болууда жана КРнын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо иштерин улантууда. Суроолор жаралган же консулдук жардамга муктаждык болгон учурда КРнын жарандары төмөнкү ыкчам байланыш телефондоруна кайрыла алышат:
КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти:
+996 999 312 002
КРнын Кытай Эл Республикасындагы Элчилиги:
+86 130 0190 4346