«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясында биринчи тоннелдин өтмөгү аяктады
5-августта «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясынын курулушунун алкагында узундугу 209,6 метр болгон Кош-Дөбө № 2 (түндүк) тоннелинин өтмөгү аяктады. Бул бүткүл темир жол багытындагы өтмөгү толук аяктаган биринчи тоннель.
Учурда темир жол линиясындагы 28 тоннелде курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы узундугу 104,084 чакырымды түзгөн 29 тоннель куруу каралган. Биринчи тоннелдин өтмөгүнүн аякташы долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат. Бул келечектеги темир жол магистралынын техникалык жактан эң татаал тилкелеринин бириндеги курулуш иштеринин алдыга жылганын билдирет. Тоннелдерди куруу татаал тоолуу рельефтин шарттарында жүргүзүлүп, заманбап технологияларды, алдыңкы инженердик чечимдерди колдонууну, ошондой эле өнөр жай жана курулуш коопсуздугунун талаптарын так сактоону талап кылат. Кош-Дөбө № 2 тоннелинин өтмөгүнүн аякташы темир жол линиясындагы тоннелдик тилкелерде иштерди мындан ары улантууга негиз түзүп, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» долбоорун ишке ашыруунун кезектеги практикалык натыйжасы болууда.