Кытай Кыргыз жарандарына 10 күнгө визасыз транзитке жана Хайнань аралына 30 күнгө визасыз кирүүгө уруксат берди
20-августтан тартып Кыргыз жарандары Кытай аркылуу 240 сааттык, башкача айтканда 10 күнгө чейинки визасыз транзиттик режимден, ошондой эле Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат. Бул тууралуу Кытайдын Мамлекеттик миграция иштери боюнча башкармалыгы билдирди.
Өзгөртүүлөрдөн кийин Кытай аркылуу 240 сааттык визасыз транзиттик режимди пайдалана ала турган өлкөлөрдүн саны 57ге, ал эми Хайнань аралына визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү берилген өлкөлөрдүн саны 61ге жетет.
Жөнөкөй жарандык паспорту бар жана үчүнчү өлкөгө же аймакка бара тургандыгын тастыктаган билети, так белгиленген маршруту бар Кыргыз жарандары Кытайга 65 өткөрмө пункттун бири аркылуу, анын ичинде Бээжин жана Шанхайдагы өткөрмө пункттар аркылуу визасыз кире алышат. Транзит үчүн уруксат берилген аймактарда 240 сааттан, башкача айтканда 10 суткадан ашык эмес убакыт болууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, жөнөкөй жарандык паспорту бар Кыргызстандын жарандары Хайнань провинциясына ачылган өткөрмө пункттар аркылуу визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Бирок бул визасыз режим Хайнань аралынын административдик аймагынын чегинде гана колдонулат.
Эки режимдин алкагында тең туристтик жана ишкердик максаттарда, ошондой эле туугандарын жана тааныштарын зыярат кылуу үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга уруксат берилет. Ал эми иштөө, окуу, журналисттик ишмердүүлүк жана алдын ала уруксат талап кылынган башка иштер үчүн мурдагыдай эле тиешелүү Кытай визасын алдын ала алуу зарыл.
Кытайдын Мамлекеттик миграция иштери боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандарына визасыз режимди кеңейтүү Кытайды мындан ары да ачык кылууга, коңшу мамлекеттер менен кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле туристтик, ишкердик, соода жана инвестициялык сапарларды жеңилдетүүгө багытталган.