Кыргызстандык окуучулар IOI 2026 олимпиадасында тарыхый жыйынтык көрсөтүштү
9-16-август күндөрү Ташкент шаарында 38-Эл аралык информатика олимпиадасы (IOI 2026) өттү. Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Кыргызстандын командасынан 4 катышуучу - 4 медаль алып, 100% медалдык көрсөткүчкө жетишти. Команда 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Бул - Кыргызстандын IOIге катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынтык. Команда жетекчилери: Кылычбек Урайымов жана Артем Беляев.