Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына жаңы көчөттөр отургузулду
7-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына барып, көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында аталган аймакка 85 түп эмен көчөтү отургузулду. Буга чейин бул жерде «Будда бар» жайгашкан. Кийинчерээк ал демонтаждалып, жаңы ээлери аймакты жашыл зона түзүү үчүн шаарга өткөрүп беришкен. Шаар башчысы аталган аймакты талаптагыдай абалга келтирип, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген. Иш-чаранын жүрүшүндө мэр бак-дарактарды сугаруу маселесине өзгөчө көңүл буруп, жашыл көчөттөрдүн жакшы өсүп, сакталышы үчүн үзгүлтүксүз сугаруу негизги шарттардын бири экенин белгиледи.
«Эң негизгиси — сугарууну камсыз кылгыла. Бир дагы дарак суусуз калбашы керек. Аймакты толугу менен тазалап, иретке келтирип, газонду да калыбына келтирүү зарыл», — деди Айбек Жунушалиев. Бишкек шаарынын аймагында күзгү жашылдандыруу өнөктүгүнүн алкагында жалпы 600 түп бак-дарактын көчөтү отургузулду.