Abank_june
SerepTV Logo

Кыргызгидромет аномалдуу ысык боюнча кеңири маалымат таратты

Кыргызгидромет аномалдуу ысык боюнча кеңири маалымат таратты
14-18-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтин божомолуна ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40°С ка чейин жогорулайт.

16-18-июль күндөрү өлкөнүн түштүк жана түндүк өрөөндөрүнүн айрым райондорунда абанын максималдуу температурасы 41…43°С ка чейин жетип, экстремалдуу көрсөткүчтөргө жетиши мүмкүн. Мындай ысык аба ырайынын калыптанышы Борбордук Азия аймагында жайкы термикалык депрессиянын өнүгүшү жана жогорку тропосферада туруктуу жогорку басымдуу аймактын антициклондун бийиктиктеги кыркасынын орношу менен шартталат. Натыйжада Иран, Афганистан жана Орто Азиянын түштүк-батыш аймактарынан Кыргызстан тарапка өтө жылуу жана кургак аба массаларынын агымы түзүлөт. Мындай экстремалдуу ысык мезгил акыркы жылдары Кыргызстанда бир нече жолу байкалган. Акыркы 10 жыл ичинде айрым аймактарда абанын эң жогорку температуралык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй катталган: Манас шаарында 2021-жылдын 27-июлунда абанын температурасы 44°С гка чейин жеткен; Баткен районунда 2022-жылдын 24-июлунда максималдуу температура 40°С болгон; Кадамжай районундагы Кызыл-Адыр метеостанциясында 2021-жылдын 8-июлунда 40°С катталган; Талас шаарында 2025-жылдын 4-июлунда абанын температурасы 38°С ка чейин жеткен; Лейлек районунун Раззаков шаарында 2025-жылдын 4-июлунда максималдуу температура 38°С болгон.

Бишкек шаары боюнча метеорологиялык байкоолордун маалыматтарын талдоо көрсөткөндөй, июль айында абанын температурасы 41°С ка 2017, 2019 жана 2021-жылдары жеткен. Ошондой эле 2022, 2023 жана 2024-жылдардын июль айларында 40°С ка жакын көрсөткүчтөр катталган. Бишкек шаары үчүн абанын температурасынын абсолюттук максималдуу көрсөткүчү 1983-жылдын 30-июлунда катталып, 42,8°С түзгөн.

Учурдагы метеорологиялык мониторингдин маалыматтары боюнча, 2026-жылдын июль айында күндүзгү максималдуу температуралар буга чейин 38…40°С ка чейин жеткен, бул температуранын олуттуу жогорулашы башталганын көрсөтөт.