Кырчынга эл көп келип, аларды милициянын автобустары да ташыды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Кырчын” жайлоосунда маданий жана спорттук иш-чаралар өтүп жатат. Милиция жана аскер кызматкерлери коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алууда. Тоолуу аймактарды атчан кызматкерлер карап жатат. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Кырчынга келген жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу милициянын автобустары дагы эл ташууга тартылды. Жарандарды ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз.