Куткаруучулар Эңилчек дарыясына тыгылып калган унааны чыгарышты
11-август күнү кечки саат 21:50 чамасында Ак-Суу районунун Эңилчек дарыясынан өтүүгө аракет кылган 3 италиялык туристтин Lexus LX 470 үлгүсүндөгү унаасы тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 куткаруучусу авариялык куткаруу унаасы менен барып, тыгылып калган унааны чыгарып беришкен. Мындан сырткары жерине "Сары-Жаз Минерал Майнинг" компаниясынан 1 жүктөгүч тартылган. Ал эми Италия мамлекетинен келген туристтердин абалы туруктуу. Өз багыты боюнча жолун улантышкан. Жабыркагандар жок.