SerepTV Logo

"Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчысынын ачылыш аземи өттү

"Көчмөндөр ааламы: Жандуу мурас" этно-шаарчысынын ачылыш аземи өттү
 
Бүгүн, 2-сентябрь Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» этно-шаарчасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанисине токтолуп, оюндардын негизги иш-чаралары Ысык-Көлдүн аймагындагы сегиз аянтчада өтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Кырчын жайлоосунда түзүлгөн этно-шаарча көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, улуттук баалуулуктарын жана искусствосун бирдиктүү мейкиндикте чагылдырган өзгөчө маданий аянтча экенин белгиледи.

«Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» этно-шаарчасында кыргыз элинин салттуу маданияты, кол өнөрчүлүгү, улуттук кийимдери, каада-салттары, элдик оюндары, музыкасы жана күнүмдүк турмушун чагылдырган маданий объектилер жана боз үй комплекстери жайгаштырылган. Министрлер Кабинетинин Төрагасы этно-шаарча ата-бабалардын мурасын сактоо, аны кеңири жайылтуу жана кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн маанилүү маданий аянтча болорун белгиледи.
SEREP MEDIA