Abank_june
SerepTV Logo

Кегетиде сууга түшүп дайынсыз болгон 6 жашар табылып, издөө иштери аяктады

Кегетиде сууга түшүп дайынсыз болгон 6 жашар табылып, издөө иштери аяктады
 
Чүй районундагы Кегети капчыгайында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен. Аталган факты боюнча маалымат Чүй РИИБге катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган.

Издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек болчу.

26-июнь күнү дайынсыз болдуп жаткан 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Үч күн узаган издөө иштерине Чүй ОИИББдин, Чүй РИИБдин, Чүй ОИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана элдик кошуундар болуп катышты.