Касымалиев Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.
Алгач Министрлер кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты. Борбордо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимийпрограммасынын алкагында «Көчмөнцивилизациялары: мурас, парадигмалар жанакелечек» аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.
Учурда борбордо "Улуу тоолор баяны" аттуу чакырыктын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптора музей босогосуна орнотулту. Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин “Газпром” имаратынын даярдыгы менен таанышып, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (Ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышып, Чолпон-Ата “Nomad” этноко-комплексинин абалын көрүп чыкты.
Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев объекттерге баргандан кийин, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.