Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.