Касымалиев электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрүн катуу сынга алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде электр берүү линияларынын (ЭБЛ) авариялык өчүрүү учурларына тиешелүү маселени көтөрдү.
Министрлер кабинетинин башчысы билдиргендей, акыркы жарым жыл ичинде өлкөдө 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган. Бузулуулардын себептери болуп жабдууларды пайдалануу эрежелерин, коопсуздук техникасын бузуу, жабдуулардын техникалык абалы, ошондой эле аткаруучу уюмдардын күнөөсүнөн ЭБЛ үзүлүүсү жана бузулушу, айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси саналат. Адылбек Касымалиев ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылыкты жаратып, бизнеске зыян келтирерин баса белгиледи. Бул күз-кыш мезгилине активдүү даярдануу учурунда таптакыр жол берилгис көрүнүш.
Ушуга байланыштуу Министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын президентинин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго бул маселени жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле республиканын бир катар аймактарында, анын ичинде 2026-жылдын 14-августунда болгон окуя боюнча электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин деталдуу изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди.
Министрлер кабинетинин башчысы министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык курулуш уюмдарынын бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берди. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча толук сунуштарды киргизүү тапшырылды.