Касымалиев: "Дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди"
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү. Анда МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен Министрлер кабинетинин атынан жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын жана бардык конокторду, ошондой эле жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул – жалпынын жеңиши экенин билдирди.
“Кадырлуу замандаштар! Президент Садыр Жапаров Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачып жатып, бул оюндар тарыхты келечек менен байланыштырган көпүрө экендигин белгиледи. Көчмөн дүйнө – бул өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы, искусствосу, адам менен табияттын эриш-аркак жашоо маданияты бар улуу цивилизация. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көлдө башталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улам канат жайып, Түркияда, Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук кыймылга айланды. Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекетинин өкүлдөрүнүн башын бириктирди”, — деди МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев.
Көчмөндөр оюндары Олимпиада, футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу дүйнө эли кызыгуу менен күткөн ири спорттук окуяларга үзөңгүлөш болуп бара жатканын, Дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болгонун айтып сөзүн улады.
“Бул күндөрү кандай гана керемет таймаштарга күбө болгон жокпуз. Кырчын жайлоосу көчмөн дүйнөнүн жандуу энциклопедиясына айланды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чоң интеллектуалдык аянтчага да айланды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар көчмөн цивилизациясынын тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, тилин, маданиятын жана дүйнө таанымын кеңири талкуулашты. Илим көчмөн дүйнөнүн тарыхтагы ордун жаңыча ачып, анын адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымына жаңы баа берүүдө. Кымбаттуу мекендештер, Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый күндөрдө өттү. 35 жылда Кыргызстан аймактык бүтүндүккө жетип, өнүгүп жаткан өлкөгө айланды. Бул Оюндар эгемен Кыргызстандын күчүн жана потенциалын көрсөттү. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетип, байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларды чын жүрөктөн куттуктайм”, - деди Адылбек Касымалиев.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы ушул жылдын 31-августунда жаңы курулган Бишкек аренада Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген бир катар мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда болуп, оюндар аты күнгө уланды.
Дүйнөлүк коомчулукта бул Оюндарга чоң кызыгуу пайда болуп, эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк спорт жана маданият коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлү Кыргызстанга бурулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз тарыхынын кийинки барагын Татарстан Республикасында (Россия Федерациясы) ачат.