Жаанда чатырынан суу агып... Манастын мэри авариялык абалдагы үйгө барды
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов калаанын Каныбек Ташиев 3а дарегинде жайгашкан эки кабаттуу (жатакана тибинде) турак үйдүн жашоочуларынын көйгөйлөрү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар көп кабаттуу үйдүн алдынан септик өткөнүн, анын кесепетинен имарат акырындап чөгүп бара жатканын белгилешти. Мындан тышкары, үйдүн эскилиги жетип, жаан-чачын учурунда чатырынан суу агып, жашоого ыңгайсыз шарттар жаралып жатканын айтышты. Ошондой эле тургундар коопсуздукту эске алуу менен башка жактан жашоого ылайыктуу шарттары бар турак жай менен камсыз кылуу маселесин да көтөрүштү.
Шаар башчысы маселени жеринде көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын катышуусунда атайын комиссия түзүүнү жана кырдаалды мыйзам чегинде ар тараптуу кароону тапшырды. Белгилей кетсек, аталган эки кабаттуу турак үйдө жалпы 24 батир бар.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="301289,301290,301292,301291"]