SerepTV Logo

ИИМ: "ШКУнун саммитин өткөрүүдө коомдук тартип жана коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздалды"

ИИМ: "ШКУнун саммитин өткөрүүдө коомдук тартип жана коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздалды"
 
31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган мааракелик саммит болуп өттү.

Саммит Кыргыз Республикасынын ШКУга төрагалык кылган мезгилинде өтүп, өлкөбүздө быйыл өткөрүлгөн маанилүү эл аралык иш-чаралардын бири болду. Бишкек шаарына ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары жана расмий делегациялары, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин, диалог боюнча өнөктөштөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Мааракелик саммитти өткөрүү Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ болду. Мындай масштабдагы иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү коопсуздукту камсыз кылууга тартылган бардык мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган ишин талап кылды.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан борбор калаада коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү күчөтүлгөн чаралар ишке ашырылды. Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чаралар өтүүчү объектилерде, расмий делегациялардын жүрүү каттамдарында, алар жайгашкан жерлерде, ошондой эле шаардын көчөлөрүндө жана башка коомдук жайларда күнү-түнү кызмат өтөштү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарында өткөн ШКУнун мааракелик саммити коомдук тартипти жана коопсуздук талаптарын сактоо менен, тынч өттү.

Ички иштер министрлиги саммит өткөрүлгөн мезгилдин аралыгында эл аралык иш-чаралардын катышуучуларынын жана расмий делегациялардын коопсуздугун, ошондой эле борбор калаада укуктук тартипти камсыз кылды.
SEREP MEDIA