ИИМ расмий делегациялардын келүүсүнө байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин эскертет
Кыргыз Республикасына расмий делегациялардын келүүсүнө жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бишкек шаарында айрым жол тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелет:
• «Манас» эл аралык аэропортунан жана Васильевский трактындагы каттамдарда;
• Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилеринде.
Чүй облусунда расмий делегациялардын жүрүү маршруттарына жана иш-чаралар өтүүчү жерлерге жараша айрым автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилет.
Ысык-Көл облусунда да айрым автомобиль жолдорунун тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына баруучу жолдо кыймыл убактылуу чектелет.
Ички иштер министрлиги өлкөнүн тургундарынан жана конокторунан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле жасап, жол кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт. Бул жолдо жүрүү убактысынын узарышына жана унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Жарандарга жүрүү маршруттарын алдын ала мерчемдеп, мүмкүнчүлүк болсо коомдук транспортту пайдалануу сунушталат. Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыз кылууга түшүнүү менен мамиле жасап, көмөк көрсөтүп жаткан жарандарга ыраазычылык билдирет.