ИИМ мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар учурунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилерин эскертет
30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
ИИМ өлкөнүн тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала мерчемдөөгө чакырат. Аталган мезгилде айрым жол тилкелеринде транспорт кыймылына чектөө киргизилип же убактылуу жабылышы мүмкүн. Бул жолдордо тыгындардын пайда болушуна жана жүрүү убактысынын узарышына алып келиши ыктымал.
Бишкек шаарында айрым жол тилкелеринде, анын ичинде «Манас» эл аралык аэропортунан баштап, Васильевский атайын жолунда, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Чыңгыз Айтматов жана Абсамат Масалиев проспектилериндеги каттамдарга киргизилет. Чүй облусунда чектөөлөр иш-чаралардын өткөрүлүшүнө жараша айрым унаа жолдорунда киргизилет. Ысык-Көл облусунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр айрым жол тилкелеринде, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ат майданынын аймагында, ошондой эле Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.

ИИМ өлкөнүн тургундарын жана конокторун жол кыймылынын өзгөрүшүн эске алууга, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү каттамдарды тандоого жана сапарларын алдын ала мерчемдөөгө чакырат. Иш-чаралардын катышуучуларынын, тургундардын жана өлкө конокторунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.