ИИМ: Бишкектин айрым көчөлөрүндө убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилет
4-июндан 6-июнга чейин Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде чет өлкөлүк делегациялардын катышуусунда өткөрүлөт.
Буга байланыштуу Бишкек шаарында жолдун айрым тилкелеринде убактылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Чектөөлөр төмөнкү маршруттар боюнча каралган:
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» эл аралык аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.