Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат
28-апрелде саат 16:45 чамасында Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана социалдык объекттердин короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.
Бүгүн, 29-апрель Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев жеринде болуп, тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмаларды берди. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, ошондой эле райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 388 кызматкер, 23 техника (анын ичинен 12 инженердик жана 11 жеңил техника) жана 5 мотопомпа тартылды. Анын ичинде КР ӨКМ тарабынан 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника иш алып барууда.
Кырсык болгон аймакта координациялоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Искендер Сулайманов жүргүзүүдө. Сел суулары 92 турак жайга зыян келтирген. 17 үйдүн жер төлөсүнө, 71 үйдүн короосуна жана 4 сарайга суу кирип, 4 социалдык объектке (2 мектеп, 1 калкты тейлөө борбору жана 1 музей) зыян келтирилген.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="301423,301424,301421,301422"]