Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө бир аптада орнотулду
9-июль күнү Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө калыбына келтирилди.
Капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү эл жана эс алуучулар үчүн маанилүү болуп эсептелген көпүрөнү куруу ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Садыр Аке айыл өкмөтүнөн жана Чайна роуд ишканасынын техникалар тартылган.
2-июль күнү Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, суунун нугундагы 5-көпүрө жараксыз абалга келген.