Abank_june
SerepTV Logo

Эсептөө палатасы Салык кызматындагы аудиттин жыйынтыгын чыгарды

Эсептөө палатасы Салык кызматындагы аудиттин жыйынтыгын чыгарды

Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү.

​Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион сом салык бюджетке түшпөй калуу тобокелдиги бар экени ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул сумманын ичинен 3 миллиард 211,3 миллион сому кошумча эсептелип, бюджетке кайтаруу иштери башталды.

​​Адистердин баалоосу боюнча, текшерүүнүн жыйынтыгы Салык кызматында ички финансылык көзөмөл начар экенин жана салык башкаруусундагы тобокелдиктерди жөнгө салуу керектигин айгинелейт.

​Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы Мамлекеттик салык кызматына аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү, бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу жана финансылык тартипти чыңдоо боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйрук жана сунуштамаларды берди.