"Э" же "Еби"? Тил комиссиясы долбоор тууралуу түшүндүрмө таратты
Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин айрым жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы укуктук жана практикалык негиздерден улам келип чыккан. Бул тууралуу Тил комиссиясы маалымат жарыялады.
Биринчиден, өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу маселеси «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында көтөрүлгөн. Бул Мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган. Аталган Конституциялык мыйзамда кыргыз тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилери белгиленген. Мурунку 2004-жылдагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Жогорку Кеңеш кыргыз тилинин алфавитин жана орфография эрежелерин бекитери каралган, ал эми анда орфоэпия эрежелери көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан конституциялык Мыйзам кабыл алынгандан кийин орфоэпия эрежесин иштеп чыгып, бекитүү маселеси жаралган. Бул боюнча филология илимдеринин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жана кеңешмелер жүргүзүлүп, алардын пикири боюнча алгач орфография эрежесиндеги айрым маселелерди тактап алуу менен орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу максатка ылайыктуу болору сунушталган.
Экинчиден, колдонуудагы кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин практикалык колдонуу учурунда мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, билим берүү мекемелеринен, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, басма үйлөрүнөн, илимий чөйрөдөн, ошондой эле жарандардан көптөгөн сунуштар жана кайрылуулар азыркы учурга чейин байма-бай келип түшүүдө. Бул кайрылууларда эрежелердин айрым пункттарынын так эмес же эки ача түшүндүрүлүшү, өз ара карама-каршы чечмелениши жана алардын ар кандай колдонулушу жазуу практикасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууда кыйынчылыктарды жаратып жаткандыгы белгиленген. Мындан тышкары, акыркы жылдары мамлекеттик тилди мамлекеттик башкаруу системасында, билим берүүдө, илимде, маалыматтык технологияларда жана жалпы коомдук турмушта колдонуу чөйрөсү кыйла кеңейди. Бул өз кезегинде орфографиялык ченемдерди заманбап талаптарга ылайык тактоо, тилдик бирдиктерди жазууда бирдей мамилени камсыз кылуу жана талаштуу жоболорду өркүндөтүү зарылдыгын шарттады. Ушуга байланыштуу колдонуудагы орфографиялык эрежелерди жаңы мыйзамдын талаптарына шайкеш келтирүү, алардын укуктук макамын бекемдөө жана колдонулушунун бирдиктүү укуктук негизин түзүү зарылдыгы келип чыкты.
Азыркы учурда коомчулук тарабынан талкуу болуп жаткан орфография эрежелеринин долбоору алгач илимий чөйрөдө каралып, сунушталган варианттын бири болуп саналат. Ошондуктан өткөн илимий конференцияга бардык тармактын өкүлдөрү чакырылып, өз ойлорун ортого салышкандыгын белгилеп кетүүгө болот. Негизи кайсы тармак болбосун ар бир сунушталган долбоордун илимий жагынан башка да тиешелүү чөйрөлөргө тийгизе турган таасирлерине да талдоо жүргүзүлөт. Бул сунушталган орфография эрежелеринин долбоору боюнча да мындан ары коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири талдоо жана талкуулар жүргүзүлүп, жеткире иштелип чыккандан кийин гана расмий түрдө коомдук талкууга коюлат.
Конференцияда сунушталган долбоор илимий чөйрөдө, тактап айтканда, ар бир облустагы жогорку окуу жайларында жумушчу топтордун талкуусунан өтүп, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунда эксперттик топ тарабынан каралган. Жумушчу топтор жана эксперттик топ тарабынан сунушталган өзгөртүүлөр орфографиялык эрежелердин негизги принциптерин өзгөртүүгө эмес, алардын айрым жоболорун тактоого, түшүнүктүүлүгүн жогорулатууга, колдонуудагы карама-каршылыктарды жоюуга жана жазуу маданиятынын бирдиктүү практикасын камсыз кылууга багытталган. Бул долбоор акыркы жана чечүүчү редакция болуп саналбайт. Ушуга байланыштуу коомчулуктун бардык өкүлдөрүнөн Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин долбоору боюнча сунуш-пикирлерди кабыл алуу жарыяланат.
Сиздердин кыргыз тилинин жазуу маданиятын өркүндөтүүгө кошкон салымыңыздар маанилүү! Ошондуктан, жалпы жарандарды, окумуштууларды, тилчи адистерди, мугалимдерди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана кызыкдар тараптарды долбоор менен таанышып чыгып, негиздүү сунуштарыңыздарды жана олуттуу сын-пикирлериңиздерди берүүгө чакырабыз.
Долбоор менен төмөнкү даректен тааныша аласыздар: