Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билеттерди сатуу башталды
31-августта «Бишкек Аренада» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына арналган масштабдуу шоу өтөт. Билеттерди ticket.gov.kg расмий сайтынан сатып алууга болот. Билеттин баасы секторуна жана орунга жараша 5000 сомдон 9000 сомго чейин болот.
Өзгөчө көңүл буруңуз: «Бишкек Аренага» жеке автоунаа менен барууга болбойт. Көрүүчүлөр үчүн Бишкек шаарындагы атайын белгиленген 22 пункттан акысыз трансфер уюштурулат. Автобустар саат 13:00дөн 15:00гө чейин каттайт. Акыркы автобус саат 15:00дө жөнөйт. Бул убакыттан кийин «Бишкек Аренага» трансфер жүргүзүлбөйт. Андыктан, өзүңүзгө ыңгайлуу жөнөө пунктун алдын ала тандап, отуруучу жерге өз убагында келүүнү өтүнөбүз. Трансфер экспресс-маршрут боюнча жүрөт, жолдо токтоочу жайлар каралган эмес.
Трансферлер жөнөөчү пункттар:
1. Ибраимова көчөсү – Фрунзе көчөсү;
2. Жибек-Жолу көчөсү, 605;
3. Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
4. Саякбай Каралаев көчөсү, 62, 12-кичи район;
5. «Ак-Кула» автобекети;
6. Ауэзов көчөсү, 4;
7. Анкара көчөсү, 1/1;
8. Айыл көчөсү, 10А/1;
9. Жибек Жолу проспекти, 263/2;
10. Иса Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;
11. Чакыруу билети менен келген коноктор үчүн:
12. Кожобергенов көчөсү, 13;
13. Эркиндик бульвары, 1/А;
14. Жаш Гвардия көчөсү, 287;
15. Токтоналиев көчөсү, 104;
16. Шабдан Баатыр көчөсү, 52;
17. Москва көчөсү, 266;
18. Васильевский тракт, 18;
19. Гагарин көчөсү, 284;
20. «Ала-Тоо» жаңы конушу, 117;
21. «Ак-Жол» өткөрмө пункту (бажы);
22. «Манас» аэропорту.
Белгиленген жерлер тууралуу маалыматты «Менин шаарым» тиркемесинен көрүүгө болот. Ачылыш аземи аяктагандан кийин көрүүчүлөр автобустан түшүрүлгөн пунктка кайра барышы керек. Ал жерден маршрутунун номери жана автобус баштапкы жөнөп кеткен дарек көрсөтүлгөн тактайчасы бар автобусту таап, ага отуруу зарыл. Трансфер көрүүчүлөрдү «Бишкек Аренага» алып келген пункка кайра жеткирет.
Иш-чарага келерден мурун видеодо көрсөтүлгөн эрежелер менен сөзсүз таанышып чыгыңыздар.
Жаш курак боюнча чектөө – 7+.
Көрүүчүлөрдү эрте чогултуу убактысын, трансфердин жана иш-чаранын узакка созуларын эске алуу менен 7 жашка чейинки балдарды иш-чарага алып келүүгө жол берилбейт. Бул чектөө кичинекей балдардын ыңгайлуулугун жана бардык көрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында да киргизилген.
Иш-чарага кирүү Face ID технологиясы аркылуу жүзөгө ашырылат. Ошондуктан, билет анын ээсинин жеке маалыматтарына байланыштырылган.
31-августта «Бишкек Аренада» жолугабыз!