Депутат Бекешев: "Мен эч качан кыргыз тилине каршы болгон эмесмин жана болбойм"
"Социалдык тармактарда мени кыргыз тилине каршы болуп жатат деген маалыматтар тарап жатат. Бул чындыкка туура келбейт". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасында билдирүү жарыялады.
"Мен эч качан кыргыз тилине каршы болгон эмесмин жана болбойм. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, колдоо жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу керек. Мен өзүм да көп жылдан бери ушул багытта иштеп келем: менин эмгегимдин аркасында көрүүсү начар жана азиз адамдар үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча окуу китептери Брайль арибинде чыгарылган, кыргыз тилиндеги аудиокитептер түзүлгөн.
Маселе төмөнкүдө. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр кыргыз тили боюнча мамлекеттик экзамен тапшырышат. Мындан тышкары, ЖРТнын алкагында алар кыргыз тили боюнча дагы кошумча тест тапшырышат. Бул тест үчүн ата-энелер 470 сом төлөшөт. Бирок бул тесттин жыйынтыгы ЖРТнын жалпы упайына да, окуу жайга өтүүгө да таасир этпейт. Негизгиси — жөн гана тапшырып коюу. Менимче, бул жерде логика болушу керек: же тест бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге кошумча каржылык жана психологиялык жүк жаратпашы керек, же анын жыйынтыгынын так мааниси болушу керек.
Кыргыз тили балдар үчүн коркунучтун жана ашыкча стресстин тили эмес, мүмкүнчүлүктөрдүн тили болушу керек. Менин позициямды бурмалабоону суранам. Мен кыргыз тилин колдойм. Мен бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге ашыкча жүк жараткан, мааниси түшүнүксүз кайталанган тесттерге каршымын. Ошол эле учурда, мамлекеттик тил боюнча менин позициямдын айланасында ар кандай спекуляцияларга жол бербөө үчүн, мен мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштабайм. Эгер бул маселе чындап эле бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин тынчсыздандырса, анда аларды бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук аркылуу ачык айтууга чакырам. Ошондо коом бул маселеге түздөн-түз тиешеси бар адамдардын үнүн угат", - деп жазылат билдирүүдө.