Abank
SerepTV Logo

Депутат Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Депутат Айтиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты БШК ырастап, анын арызы жакын арада караларын билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.

Айтиев өзү мандат тапшырууга эмне себеп болгонун ачыктай элек.

Темирлан Айтиев №20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 9021и добуш берип, округдагы эң көп добуш алган талапкер болгон.