Abank_june
SerepTV Logo

Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү башталды

Чолпон-Атада Өзбекстандын маданият күндөрү башталды

Кечээ, 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Иш-чаранын ачылыш аземине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө кыргыз-өзбек достук мамилелеринин чыңдалышына, маданий-гуманитардык кызматташтыктын кеңейишине жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы чыгармачылык алакалардын мындан ары да өнүгүшүнө Маданият күндөрүнүн өзгөчө салым кошорун белгилешти. Иш-чарага ошондой эле эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү, маданият ишмерлери, чыгармачыл жамааттар, жергиликтүү тургундар жана Ысык-Көлдүн коноктору катышты.

Ачылыш аземинде Өзбекстандын белгилүү өнөрпоздору – Өзбекстандын эл артисттери Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка чыгармачыл инсандар өнөр көрсөтүштү. Ошондой эле көрүүчүлөргө «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдеринин жаркын бийлери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин коштоосундагы концерттик программа тартууланып, эки элдин маданий жакындыгын жана достугун даңазалаган чыгармалар жаңырды.

Өзбекстандын маданият күндөрү кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн бай маданий мурасын өз ара таанытууга багытталган маанилүү маданий окуялардын бири болуп саналат. Маданият күндөрүнүн иш-чаралары 28-июлда Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өтө турган гала-концерт менен жыйынтыкталат.