Abank_june
SerepTV Logo

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миңден ашуун окуучу аяктады
Бүгүн, 26-июнда республика боюнча бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтери — негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестаттар тапшырылды.

Быйыл өлкө боюнча 11-классты 80 миңден ашуун, ал эми 9-классты 136 миңден ашуун окуучу аяктады. Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин талаптарына ылайык, менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземинен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынган.