Быйыл 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт
Агартуу министрлиги быйыл 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктай турганын маалымдайт.
Тагыраагы, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Өлкөнүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда өтөт.