Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде кыймыл убактылуу чектелет
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери аяктаганын маалымдайт. Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүк өткөргүч алмаштырылды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Иштердин кийинки этабынын алкагында 26-июлда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук камерасынын эски жабуу плиталарын демонтаждоо, жаңы жабуу плиталарын орнотуу, жылуулук камерасын тазалоо жана жылуулук изоляциялоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.