Abank_june
SerepTV Logo

Бишкектин Ауэзов көчөсүнүн реконструкцияланган бөлүгү пайдаланууга берилди

Бишкектин Ауэзов көчөсүнүн реконструкцияланган бөлүгү пайдаланууга берилди
1-августтан тартып Ауэзов көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү комплекстүү реконструкциядан кийин унаалардын кыймылы үчүн ачылды.
 
Долбоордун алкагында жолдун коопсуздугун, ыңгайлуулугун жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган курулуш жана калыбына келтирүү иштеринин толук комплекси аткарылды. Реконструкциянын жүрүшүндө жаңы асфальт-бетон жабуусу төшөлүп, тротуарлар курулду жана оңдолду, инженердик коммуникациялар жаңыланып, жаан-чачын сууларын агызуу системасы курулду. Ошондой эле көчөнүн айланасы көрктөндүрүлүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.