Бишкектин 7-Апрель көчөсүндө гидравликалык сыноолор өткөрүлөт
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы 8-сентябрда жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 7-Апрель көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармактарына гидравликалык сыноолор жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Сыноо учурунда төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
* түтүктөрдүн бузулушу (тешилиши);
* жол катмарынын чөгүшү жана оюлуп кетиши;
* жылуулук тармактарына жакын жайгашкан аймактарды суу каптоолор.
Жумуштар жүргүзүлүп жаткан жерлерде тынымсыз көзөмөл жүргүзө турган авариялык бригадалар нөөмөттө болушат. Бузулуулар аныкталган учурда жабыркаган участок ыкчам түрдө өчүрүлөт. Түтүктөрдүн тешилгенин, жолдун чөккөнүн же суунун жер агып жатканын байкасаңыздар, токтоосуз кабарлоо суралат:
Диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66.