Abank_june
SerepTV Logo

Бишкектин 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкектин 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат
Бишкек шаарында 2-августтан тартып эстакадалык көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу курулуш-монтаж иштеринин биринчи этабынын алкагында 7-Апрель көчөсү менен Полевая көчөсүнүн кесилиши автотранспорт кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
 
Бул чектөө жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле курулуш-монтаж иштерин үзгүлтүксүз жана сапаттуу жүргүзүү максатында киргизилүүдө. Жол жабылган мезгилде транспорт каражаттары альтернативдүү каттамдар аркылуу өткөрүлөт. Айланып өтүү жолдору алдын ала белгиленип, убактылуу жол белгилери орнотулат.