Адахан Мадумаровго кол салуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
Адахан Мадумаровго кол салуу болгондугу тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматка байланыштуу Ички иштер министрлиги бул маалымат текшерилип, чындыкка дал келбестигин билдирет.
Ички иштер министрлиги жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат. Текшерилген, расмий булактардан алынган маалыматтарды гана негиз кылууңуздарды өтүнөбүз.