Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте самокаттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды

Бишкекте самокаттарды колдонууга убактылуу чектөө киргизүү сунушталды
 
Борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы жеке мобилдүүлүк каражаттарын (СИМ) ижарага берүү кызматтарын көрсөткөн компанияларга аларды шаардын аймагында убактылуу пайдаланууну чектөөнү сунуштады.

Чектөө киргизүү сунушталган мөөнөт — 30-августтан 2-сентябрга чейин. Мындай чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылынын үзгүлтүксүз уюштурулушуна шарт түзүү, ошондой эле расмий иш-чараларга катышуучулардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында сунушталууда. Мындан тышкары, электросамокаттарды ижарага берүү кызматтарынын операторлоруна көрсөтүлгөн мезгил аралыгында электросамокаттарды муниципалдык аймактарга жайгаштырууну жана токтотуп коюуну убактылуу токтотуу сунушталды.
SEREP MEDIA